Ош облусундагы дин кызматкерлери 11 айдын отчетторун тапшырышты

Кечээ, 6-декабрь күнү Ош облусундагы райондордун баш имам-хатибдери 11 айдын отчетторун тапшырышты. Баш имамдардын отчетун облус казысы Сайдамир ажы Жейналиев баштаган казыят кызматкерлери угушту.

«Баш имам-хатибдер 8 пункт боюнча отчет тапшырды. Алгач 2021-жылдын 1-январынан 1-декабрга чейинки конференциялар, семинарлар, тренингдер, окуу курстары, лекциялар, жолугушуулар, жыйындар боюнча маалымат беришти. Андан соң  садага-битир, кайрымдуулук, инвентаризация, мечиттерди эсептик каттоодон өткөрүү, хатибияттын функционалдык ишмердүүлүгү, 2017-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасынын КМДБга тиешелүү пункттарын жүзөгө ашыруунун иш-чаралар планы боюнча отчет тапшырышты»,-деди облус казысы.

Эскерте кетсек, хатибияттын өздүк демилгеси менен жасалган иш-чараларга басым жасалып, жыл ичинде мыкты иш алып барып, отчетун ийгиликтүү тапшыргандарга ыраазычылык айтылса, отчетту начар тапшыргандарга эскертүүлөр берилди.