КМДБнын Россия Федерациясындагы өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиев Москва шаарындагы соода борборлорунда иштеген мекендештер менен жолугушту

Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Россия Федерациясындагы  өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиев Москва шаарындагы  соода борборлорунда иштеген мекендештер менен жолугушту.

Жолугушууда КМДБнын Россия Федерациясындагы  өкүлү ынтымакты бекемдөө, үй-бүлө баалуулуктары, зордук-зомбулукту токтотуу, балдардын тарбиясына көңүл буруу, терс диний агымдардан оолак болуу, кайрымдуулук, улуттар арасындагы достук  темаларында баяндама жасады.

«Кайсыл гана мамлекетте болбойлу, ал өлкөнүн мыйзамдарын так сактоо керек. Адал жол менен эмгектенүүгө чакырам. Максатыбыз бул жерде иштеп жүргөн атуулдарыбыздын үй-бүлөсүн бекемдеп, ар кандай зомбулуктарга жол бербөө болуп саналат. Азыр көптөгөн үй-бүлөлөр ажырашып, балдары запкы көрүп жатат. Андыктан биз ушул багыттагы ишибизди жандандыруубуз маанилүү»,-деди Сүйүмбек ажы Жусубалиев.

Муну менен катар КМДБнын Россиядагы өкүлү жаштардын тарбиясына көңүл буруу керектигин баса белгилеп, кайсыл гана тармакта иштебесин инсан өз милдетин так аткарып, кыргыз элин уят кылбоосу зарыл экендигин түшүндүрдү.

Ал эми мекендештер менен болгон жолугушууну уюштурган Учкунбек Токторбаев 19-декабрда айымдар үчүн дагы атайын жолугушуу уюштурулуп жаткандыгын айтып, аялзаты үчүн дагы динибиздин баалуулуктарынан маалымат берүү маанилүү экендигине токтолду.