Азирети Муфтий Замир кары Ракиев ЖМК өкүлдөрүн кесиптик майрамы менен куттуктады

Урматтуу журналисттер жана жалпыга маалымдоо каражатынын кызматкерлери! Сиздердин бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар менен чын  дилимден куттуктайм!

Күнүмдүк турмушубуз маалымат менен башталып, маалымат менен аяктайт. Ааламдашуу доорунда маалыматсыз жашоону элестетүү кыйын. Журналист бул коомдун күзгүсү, элдин арыз-муңун тийиштүү органдарга жеткирүүчү көпүрөө. Эл үчүн, мамлекет үчүн, коом үчүн жасаган ак кызматыңыздардын үзүрүп көрүп, эмгегиңиздер арта берсин! Сиздерге Жараткан Алла Таалам чыгармачылык эргүү, үй-бүлөңүздөргө амандык, ден соолук, мол ырыскы берсин. 

Сиздерди терең урматтап,

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев