Баткен облусунун казысы Баткен медиа борборунун директору менен жолугушуп, элибизге маданий, руханий көрсөтүүлөрдү тартуулоо жаатында пикир алышты

Бүгүн, 8-декабрда Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров  Баткен медиа борборунун директору  Мамажан Бердишев менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташууну бекемдөө, элибизге маданий, руханий көрсөтүүлөрдү тартуулоо жаатында пикир алышты. Облус казысы Баткен медиа борборунун директорун бүгүнкү телекөрсөтүү жана радиоуктуруу кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктап, ыраазычылык барагы менен сыйлады.