Өзгөрүш айылындагы муктаж 20 үй-бүлөгө азык-түлүк түрүндө жардам таратылды

Талас облусунун мурдагы казысы Таалайбек ажы Бапиев Өзгөрүш айылындагы Куттубек мечитинин жамааты менен биргеликте муктаж 20  үй-бүлөгө азык-түлүк түрүндө жардам таратты. Демилге облустун мурдагы казысы тарабынан көтөрүлүп, жергиликтүү жамаат колдоого алышкан.  

«Муктаждарга кайрымдуулук колун сунуу соопту амалдардан экендигин унутпашыбыз керек. Инсан кайсыл амалы менен бейишке кирээрин эч ким билбейт. Андыктан жакшылык иште жарыша берели»,-деди Таалайбек ажы Бапиев.