Азирети Муфтий Замир кары Ракиев имам Сарахси атындагы башкы мечитте айымдар үчүн уюштурулган 2 айлык окуу курсунун жыйынтыгын чыгаруу саамалыгына катышты

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев Бишкек шаарындагы имам Сарахси атындагы башкы мечитте айымдар үчүн уюштурулган 2 айлык окуу курсунун жыйынтыгын чыгаруу саамалыгына катышты. Азирети Муфтий КМДБ тарабынан окуу программасы бекилип, анын алкагында 8 кыргыз тилинде жана  8 орус тилинде сабак өтүлгөндүгү аз убакыттагы чоң жетишкендик экендигин баса белгиледи.

«Эне – бул чоң медресе. Андыктан энелерибиз канчалык билимдүү болсо, коомубуз, келечегибиз ошончолук жарык болот. 2 айлык окуунун алкагында эже-карындаштарыбыз ашкана чебери, кел намаз окуйбуз, элечек, орозодогу 30 күн, үй-бүлө, бала тарбиялоо, ислам дининин баалуулуктары, Куран үйрөнүү жумалыктарынын өткөндүгү абдан чоң жетишкендик. Мындай окуу курстарын улантуубуз керек»,-деди Азирети Муфтий.

Муну менен катар Азирети Муфтий диний окуу борборлорунун жетекчилерин бирдиктүү иш алып барууга чакырып, Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы ар дайым кызматташууга  даярдыгын билдирди.

«Ар бириңиздердин алып барып жаткан кызматыңыздар маанилүү жана чоң эмгек. Айымдарыбыз кайрымдуулук иштеринде дагы активдүүлүгүн көрсөтүп келишет. Жараткан насип кылса аялзаты үчүн акыйда, фыкх, мазхаб боюнча атайын окутуу өткөрөлү деген ниетибиз бар»,-деди Замир кары Ракиев.  

Андан соң Азирети Муфтий диний окуу борборлорунун жетекчилерине КМДБнын ыраазычылык баракчаларын тапшырып, иштерине ийгилик каалады.