Самидин кары Атабаев: Баланын жакшы же жаман болуусу ата-эненин колунда

Бишкек шаарынын мусулмандарынын казысы Самидин кары Атабаев Кыргызстан ислам университетинин студенттик кеңеши тарабынан ар ишемби күндөрү уюштурулуп туруучу «Жан дүйнө азыгы» долбооруна катышып, «Адам көркү адеп» темасында баяндама жасады.

Шаар казысы бала тарбиялоодо аялзатынын орду, аялзаты төрдүн көркү болгондуктан кайсыл гана үй-бүлөдө болбосун адептүүлүккө, мээримдүүлүккө, ыймандуу болууга үндөдү.

“Ата-эненин баласына калтырган эң жакшы мурасы – бул жакшы таалим-тарбия болуп саналат. Ошондуктан балдарыбыздын жүрүм-турумуна көңүл буруу биздин милдетибиз. Баланын жакшы же жаман болуусу ата-эненин колунда»,-деди шаар казысы.

Семинар суроо-жооп менен коштолуп, шаар казысына ыраазычылыктар айтылды.