Баткен казыятында «Келечек- ыймандуу, билимдүү жаштардын колунда» аттуу иш-чара өтүп, ага билим берүү кызматкерлери катышты

 Бүгүн, 10-декабрда Баткен облустук мусулмандарынын кызыятынын жыйындар залында «Келечек- ыймандуу, билимдүү жаштардын колунда» аттуу иш-чара өтүп, ага облус казысы Нуридин ажы Мамасабиров, Баткен облустук билим берүү усулдук борборунун жетекчиси Осмон Эркебаев жана мугалимдер катышты.

Иш-чара «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыкка ылайык уюштурулуп, анын алкагында кулк-мүнөздү тарбиялоо, адеп-ахлак, аманат, убакытты туура пайдалануу, мугалимдин кесиптик чеберчилиги темалары боюнча баяндамалар жасалды. Муну менен катар кызматташуу жаатында пикир алышуу болуп, облустук казыят жергиликтүү билим берүү бөлүмдөрү менен кызматташууга даярдыктарын билдиришти.