Талас облусунун казыяты Талас районундагы дин кызматкерлерине эки күндүк окуу курсун уюштурду

Талас облусунун мусулмандарынын  казысы Сулумбек ажы Узеналиевдин демилгеси менен бул жолу имамдардын квалификациясын жогорулатуу курсу Талас районундагы дин кызматкерлерине уюштурулду. Бул жолу аймактагы имамдарга Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Эмилбек ажы Асылбеков сабак өтүп, алардын суроолоруна жооп берди.

“Имамдардын квалификациясын жогорулатуу максатында эки күндүк семинар уюштурулду. Дин кызматкерлери эл менен тыгыз кызматташкандыктан ар кандай суроолорго кабылышы мүмкүн. Андыктан көйгөйлүү суроолоруна жооп алышып, окуу курсунун мындан ары уланып туруусун талап кылышты. Буюрса имамдарыбыздын квалификацияларын жогорулатуу жаатында дайыма окутууларды өткөрөбүз”,-деди облус казысы.

Муну менен катар Ханафий мазхабы, Матурудий акыйдасы боюнча  баяндамалар жасалып, облус казысы дин кызматкерлери билимдүүлүгү менен эле үлгү болушу керектигин баса белгиледи.