Кара-Кулжа районунда зордук-зомбулукка каршы жыйын жыйын өтүп, көйгөйлөр талкууланды

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча жыйын өтүп, ага райондун баш имам-хатиби Дастан ажы Мамаев, райондун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Муса Кокоев, укук коргоо органдары жана жергиликтүү тургундар катышты.

Райондун баш имам-хатиби ислам дининде зордук-зомбулуктун бардык түрүнө тыюу салынганын эскертти.

“Динибизде адам эркине, ишенимине, тандоосуна каршы кылынган аракеттер айыпталат. Ал эми зулумдук эң чоң күнөөлөрдүн бири болуп эсептелет. Зулумдук күчтүүнүн күчсүзгө, алдуунун алсызга мыйзамга жана абийирге жатпаган мамилеси. Пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Зулумдуктан качкыла, себеби ал кыямат күнү караңгылык болот», – деп айткан. Демек, момун мусулман заалым болуудан сактанышы керек»,-дедиДастан ажы Мамаев.

Мамаев ислам дини үй-бүлө институтунда кездешип жаткан зордук-зомбулукка каршы экенин жана анын чечүү жолу диний жааттагы түшүнүктү ар бир инсанга жеткирүү, ата-энелер менен иш алып баруу керектигин билдирди.