Кара-Суу районундагы “Апиза эне” ислам институтунда “Билимдүү бол” аттуу акыл таймашы өткөрүлдү

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу “Апиза эне” ислам институтунда фыкх жаатында “Билимдүү бол” аттуу акыл таймашы уюштурулду. Саамалыкка Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев, казыят кызматкери Абдулла Исламов, институт ректору Абдирашит ажы Батыров, окутуучулар жана студенттер катышты. Облус казысы студенттердин таймашка абдан активдүү катышканын белгилеп, билимдүү инсан шам чырак экендигин билдирди.

“Алла Таала Куранда:  «Айткын, эй Мухаммад! Билгендер менен билбегендер тең боло алабы?», – деген. Келечекте бул окуу жайдан мыкты кадрлар чыгат деген ишеничтемин”, – деди облус казысы.

Сайдамир ажы “Апиза эне” ислам институтуна дин аалымдары доктор Салах жана Ахмад Шарифтин зыярат кылып, жылуу пикир калтырганын эске салды.

 “Таймаштын негизги максаты Ханафий мазхабын жайылтуу, студенттерге  шык  берүү, жөндөмдөрүн өнүктүрүү болуп саналат”, – деди Абдирашит ажы Батыров.

 Акыл таймашына  активдүү катышкан 8 студент “ыраазычылык баракча” жана акчалай сыйлык менен сыйланды.