«Илимдүүнү ийгилик издейт» аттуу китеп окуу конкурсуна 10 000 жаран катышты

Бүгүн, 11-декабрда өлкө аймагында Кыргызстан мусулмандарынын  Дин Башкармалыгы жана Кыргызстан ислам университети тарабынан уюштурулган «ИЛИМДҮҮНҮ ИЙГИЛИК ИЗДЕЙТ» китеп окуу конкурсуна катталган 10 000 жаран өз күчтөрүн сынап көрүштү.

Конкурс; «Ыйман бутактары», «Өчпөс өмүр», «Бакыт ордосу» аттуу 3 китептен өткөрүлдү.

«Бул жолу китеп окуу конкурсубуз жогорку маанайда өтүүдө. Катышуучуларыбыздын дагы активдүүлүгү байкалып, эң негизгиси жакшы даярдык көрүшкөндүгүн көрүүгө болот. Өлкөбүздө китеп окуган муундарыбыз көбөйсүн»,-деди Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазиев.

Ал эми КИУнун проректору конкурска жалпысынан 10 000ден ашуу жаран катталып, аймактарда жогорку деңгээлде өткөндүгүн билдирди.

«Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы жана Кыргызстан ислам университети «илимдүүнү ийгилик издейт» аттуу китеп окуу конкурсун жарандарыбызды китепке жакын, китеп менен дос болуусу үчүн уюштурууда. Бүгүн жаштарыбыздын китеп окууга болгон кызыгуусу артып бараткандыгын байкадык. Себеби, конкурска катышкандардын басымдуу бөлүгү жаштар. Андыктан биз инсандарды китеп окуп, билимдүү болууга чакырат элек»,-деди КМДБнын окуу бөлүм башчысы Равшан  ажы Эратов.

Ал эми китеп конкурсу Ош шаарда дагы жогорку деңгээлде өтүп, катышуучулар  «Сайида Хадича» медресесинде  жана КИУнун Ош колледжинде тест тапшырышты.

Эскерте кетсек, китеп окуу конкурсунун башкы байгеси эки бөлмөлүү батир.

Ар бир китептин жеңүүчүлөрүнө төмөндөгүдөй сыйлыктар берилет:

1-орун 50 000 сом

2-орун 40 000 сом

3-орун 30 000 сом

4-орун 20 000 сом

5-орун 10 000 сом

6-10-орундарга кызыктыруучу белектер берилет. Үч китептин жеңүүчүлөрү баш байгеге чүчүкулак тартышат.