Ош шаардык казыяты жылдын мыктыларын аныктап, бир катар дин кызматкерлерин сыйлады

Бүгүн,11-декабрь күнү Ош шаардык мусулмандарынын казыятына караштуу жалпы мечиттерде эмгектенип келе жаткан дин кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнө баа берилип, жылдын мыктылары аныкталды.

Казыят тарабынан дин кызматкерлерине:
1. Мыкты имам
2. Үлгүлүү имам
3. Үлгүлүү наиб имам (имам орун басары)
4. Үлгүлүү мутавали
5. Үлгүлүү азанчы

Муну  менен катар мечиттин ичинде түзүлгөн шарттары жана тазалыгына карап, үлгүлүү мечит сыйлыгы да тапшырылды. Ал эми жакшы кызмат кылып, жоопкерчилик менен өз ишин аткарып келгендиги үчүн айрым дин кызматкерлерине ыраазычылык баракчалары тапшырылды.

Сыйлыктарды Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев жана казынын орун басары Мирланбек ажы Токтомушев тапшырышты.

«Дин кызматкерлеринин башкаларга салыштырмалуу жоопкерчилиги оор. Сиздер кээде өз жумушуңуздарды таштап, элдин бактылуу күнүндө да, кайгыруу күндөрүнө барып, кызмат кылып келесиздер. Алла Таала ыраазы болсун! Баарыңыздарга чын көңүлдөн өз ыраазычылыгымды билдирем»,- деди шаар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев.