Бишкек шаардык казыяты жыл жыйынтыгын чыгарып, бир катар дин кызматкерлер сыйланды

Бишкек шаарынын мусулмандарынын казысы Самидин кары Атабаев «Тунгуч» мечитинде ордо калаадагы жалпы имамдарга жылды жыйынтыктоочу жыйын  өткөрүп, анда каттоодон өтө элек мечиттердин иш кагаздарын тез аранын ичинде бүтүрүү, КР Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан коюлган эрежелерди так сактоо боюнча тапшырмаларды берди. Муну менен катар  дин кызматкерлеринин ишине баа берилип, мыкты имамдар «Ардак грамота» менен сыйланышты.

«Бишкек шаарынын казыятына караштуу төрт райондун алдыңкы имамдарына жана башкы имам хатибине тапшырылды. Кошбаев Мухтар- Ленин, Бекаев Бегали- Биринчи Май, Мизраимов Асейин- Октябрь, Мурзалиев Файзулла-Свердлов жана Ахунбаев Рысбай- Биринчи Май район башкы имам хатиби сыйланышты»,-деди шаар казысы.  

Муну менен катар дин кызматкерлеринин билимин жогорулатуу, 2022-жылга карата пландарды даярдоо маселеси  каралды.

«Жыл сайын жылдын мыкты башкы имам хатибин жана дин кызматкерлерин аныктап, грамота менен сыйлап келебиз. Жылдын мыкты кызматкерлерин аныктоо анын бир жылдык эмгегине таандык. Бул жылы мыкты кызмат көрсөткөн кызматкерлер кийинки жылы дагы жылдын мыктысы боло алат», — деди Самидин кары  Атабаев.