Нарындагы “Юсуф Сыдык” атындагы медресенин ишмердүүлүгү текшерилип, окуу программасы каралды

Аалымдар Кеңешинин  илим-билим комитетинин башчысы Абдиваси ажы Матраимов,  Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын окуу бөлүмүнүн башчысчы Равшан ажы Эратов иш сапары менен Нарын облусуна барышып,  “Юсуф Сыдык” атындагы медресенин ишмердүүлүгү менен жеринде таанышып,  КМДБ тарабынан бекитилген бирдиктүү  программанын ишке ашуусун текшеришти.

«КРнын Дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясынын диний билим берүүнүн сапатын жакшыртуу талаптарын ишке ашыруу планынын алкагында Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын окуу бөлүмү Аалымдар Кеңешинин окуу жайлар жана мечит иштери боюнча комитети менен бирге Ош облусунун аймагында жайгашкан КМДБнын карамагындагы диний окуу жайлардан кабар алууда. Текшерүү иши  муфтият тарабынан бекитилген бирдиктүү окуу программанын ишке ашуусу, ошондой эле окуу жайлардын материалдык-техникалык абалын, кышка карата даярдыгын текшерүү максатында жүргүзүлүүдө»,-деди Равшан ажы Эратов.

Муну менен катар диний билим берүү мекемелеринде Ханафий мазхабы жана Матуридилик ишенимин тереңдетип окутуу менен жалпы билим берүүчү сабактардын окутулуусу дагы каралды.

«Бектилген комиссия бир нече медресе, институт жана диний окуу борборлордон кабар алып, окуу процесси менен таанышуусун улантууда. Анын алкагында окуу программалары, класстык журналдары, окуу жадыбалы, китепкана жана ашканалар текшерилүүдө»,-деди АКнын илим-билим комитетинин башчысы.