Баткен облусунун мусулмандарынын казысы аймактагы дин кызматкерлеринин отчётун укту

Баткен облусунун мусулмандарынын  казыятынын жыйындар залында отчёттук жыйын өтүп, ага райондун баш имам хатибдери жана диний окуу жайлардын жетекчилери  катышты. Облус казысы 2021-жылы кабыл алынган пландын алкагында ар бир хатибдин отчётун угуп, райондогу жетишкендиктер менен ийгиликтерге назар салды. Муну менен катар облус казысы Нуридин ажы Мамасабиров  билим берүүнүн сапатын жакшыртуу, студенттер үчүн шарттарды түзүү керектигин баса белгилеп, бир катар тапшырмаларды берди.

«Берилген тапшырмалар убактысында аткарылуусу маанилүү жана эл менен тыгыз иштейли. «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» жарлыкка ылайык казыят жыл башында атайын иш план кабыл алган. Жыл ичинде бир топ иштерди аткарууга жетиштик. 2022-жылы бардык тарапта өсүү болуп, иштөө, окуу шарттарын жакшырталы. Жалпыбыз бир денедей ынтымакта иш алып баралы»,-деди облус казысы.

Отчёттук жыйындын соңунда жыл ичинде мыкты иш алып барган дин кызматкерлерине ардак грамоталар тапшырылып, ыраазычылыктар айтылды.