Кара-Кулжа районундагы имамдарга тапшырманы аткаруу жана жума намазын өз убагында окуу эскертилди

Ош облусунун Кара-Кулжа районунун баш имам хатиби Дастан ажы Мамаев райондогу имамдарга жыйын өткөрдү. Жыйында муфтияттан, казыяттан келген буйрук жана тапшырмаларды өз убагында так аткаруу, жума намазын убагында окуу жана электр энергиясын сарамжалдуу пайдалануу маселеси каралды.

«Жума баяндарына даярданып чыгыңыздар. КМДБ тарабынан бекитилген бирдиктүү программанын негизинде темадан чыкпайлы. Насаатты саат 13:00дө баштап, 13:30 да токтотуңуздар.  Айрым учурларда баянды 10-15 мүнөт кеч баштап, жыйынтыгында жума намазды да кечиктирип жиберишүүдө. Насаатты ашыкча узартуу менен айрым жарандарыбызды жумуштан кармап жатабыз. Жумага келген адам саат 14:00гө чейинки убакытты пландап келсе, айрымдарыбыз саат 14:30га дейре созуп, намаздарындагы хушууъ жана хузууъну качырып жатабыз», – деди баш имам-хатиб.

Жыйындын экинчи бөлүгүндө Дастан ажы район имамдарына мухтасардан  сабак өттү.  

Эскерте кетсек, Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев пландуу түрдө дин кызматкерлерине сабак өтүп келет.