Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабиров Баткен облусутк медиа борборуна барып, калкыбызга адеп-ахлак жана кулк-мүнөз темасында баяндама жасады

Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабиров Баткен облусутк медиа борборуна барып, калкыбызга  адеп-ахлак жанакулк-мүнөз темасында баяндама жасады. Облус казысы инсандын адеп-ахлагы анын күзгүсү экендигин айтып, ата-энелерди урматтоого чакырды.

“Ыйык Куранда Аллах Таала ата-энеге жакшы мамиле кылууну көп жерде эскерткен. Анткени табиятта ата-эне баласына милдетсиз жакшылык кылат. Бүтүндөй өмүрүнү балдары үчүн арнап өтүшөт. Ислам дини ата-энеге жакшылык кылууну Алла Таалага моюн сунуудан кийинки эле эң чоң ибадаттардын даражасына койгон”,-деди облус казысы Нуридин ажы Мамасабиров.    

Муну менен катар облус казысы  “Чынар бак” мечитендеги жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алуу, зынаанын кесепети боюнча баяндама жасап, мындан сактанууга чакырды.