Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев бир катар дин кызматкерлерин сыйлады

Ош облусунун мусулмандарынын казысы Сайдамир ажы Жейналиев казыят жана хатибият түзүмдөрүндө жигердүү эмгектенген бир катар дин кызматкерлерин сыйлады.

«Бул мындан да жакшы кызмат кылууңуздар үчүн өбөлгө болсун. Албетте, татыктуулар өтө көп. Бирок баарына бере албайт экенбиз. Инвентарлоо ишинде башкаларга караганда оперативдүү жана так иштеген Кара-Суу хатибиятынын кызматкерлерине казыяттын ардак баракчасы берилди. Ошондой эле жыл бою казыят менен тыгыз кызматташып, үзүрлүү эмгектенген баш имам хатибдерин дагы сыйлоону  туура көрдүк», – деди облус казысы.

Ал жыл ичинде башкалардан өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге «жылдын мыкты кызматкери» номинациясы берилгенин кошумчалады.

«Быйыл жыл ичинде жигердүү эмгектенгени үчүн Кара-Суу районунун баш имам хатиби Абдирашит ажы Батыров «жылдын мыкты баш имам хатиби» номинациясы менен сыйланса, казыяттан Иманбек Азизилла уулун «жылдын мыкты казыят кызматкери» деп таптык. Албетте, бул башкаларга салыштырмалуу баалоо болду. Кийинки жылы да ким мыкты иштесе, номинация ошонуку»,-дедиСайдамир ажы Жейналиев.

Эскерте кетсек, Ош облустук казыяты жыл сайын «мыкты баш имам хатиб» жана «мыкты казыят кызматкери» наамын ыйгарып келет.