Ош облустук казыятында райондук хатибият кызматкерлерине жыйын өтүп, анда дин кызматкерлеринин функционалдык милдеттемелери каралды

Ош облустук мусулмандарынын казыятында райондук хатибият  кызматкерлерине жыйын болуп, анда хатибият кызматкерлеринин компетенттүүлүгүн көтөрүү, функционалдык милдеттемелерин эскертүү, калайыкка көрсөтүлгөн диний кызматты жакшыртуу, иш кагаздарды сабаттуу жүргүзүү жана санариптештирүү маселелери каралды.

 «Облус аймагында бүгүнкү күнгө чейин жүргүзүлүп жаткан диний кызматта сиздердин ролуңуздар абдан чоң. Эми ушул машакаттуу жана жоопкерчиликтүү ишти дагы жогорку деңгээлге көтөрүшүбүз керек. Азыркы санариптик доордо электрондук тармактан артта калбай, элдин диний муктаждыгын канааттандыруу жана диний кызмат көрсөтүүнүн бардык артыкчылыктуу жолдоруна барышыбыз абзел. Эң негизгиси кесипкөйлүк дараметти күчтөндүрөлү. Албетте, мунун бардыгы Алланын ыраазычылыгы үчүн болууга тийиш», – деди облус казысы.

Жыйында ажылык маселеси каралып,  КМДБнын Ажылык-умра жана Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек ажы Абдылдаев аралыктан катышып, дүйнөдөгү пандемияга  байланыштуу ажылык сапары токтоп тургандыгын жана каражаттарды ээлерине кайтарып берүүдө мүмкүн болушунча так иш алып барууга чакырды.

Муну менен катар КМДБнын Ажылык-умра жана Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы  хатибияттардагы ажылык боюнча операторлордун суроолоруна жооп берип, жыйын соңунда бир катар тапшырмаларды берди.