КМДБнын Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү тарабынан кыз-келиндер арасында Куран, хадис, фыкх илимдеринен таймаш өттү

Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Россия Федерациясындагы  өкүлчүлүгү тарабынан «Бактылуу аял» долбоорунун алкагында кыз-келиндер арасында Куран, хадис, фыкх илимдеринен таймаш өттү.

Саамалыктын алкагында катышуучулар Куран, хадис, фыкх илимдеринен даярдалган суроолорго жооп беришип, өз билимдерин сынашты.

«Иш-чарабыз жогорку деңгээлде өтүп, ага 200 айым катышты. Сынакка Москва шаарында эмгектенген мекендештерибиз демөөрчүлүк кылышып, мындай илимий иштерди колдошоорун билдиришти. Албетте, бул иш-чарабыз чет жерде эмгектенип, окуп жүргөн жарандарыбызга туура диний билим берүү жана терс диний агымдардан алдын алуу»,-деди КМДБнын Россиядагы өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиев.