Баткен шаарынын Чет-Булак кварталына жана Баткен районунун Чек айылына заманбап мечит курулат

Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштары ассамблеясынын каржылоосу менен Баткен шаарынын Чет-Булак кварталына жана Баткен районунун Чек айылына курулуучу мечитке  капсула салынды.  Саамалыкка Баткен шаарынын вице-мэри Мансурбек Маматисаев, Баткен облусунун казысы Нурдин ажы Мамасабиров, дин өкүлдөрү, Ассанабил коомдук кайрымдуулук фондунун мүдүрүнүн орун басары Нидал Кундилдин катышты.  

Баткен шаарынын вице-мэри курулуп жаткан мечит шаардын инфраструктурасын жакшыртып, келечекте жаштардын диний илимин жогорулатууга өбөлгө болуп, жергиликтүү жашоочулардын ынтымагын бекемдей тургандыгын белгиледи. Мындай кайрымдуулугу үчүн Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштары ассамблеясына жана Ассанабил коомдук кайрымдуулук фондуна ыраазычылык билдирди.

Иш-чара алкагында катышуучулар мечит ыймандын, адеп-ахлактын жана туура диний баалуулуктарды жеткирүүнүн очогу болуусуна тилектештигин билдиришти.