Жалал-Абадда Мухтар Исакуловдун 100 жылдыгына арналган иш-чара өтүп, ага Жалал-Абад облусунун казысы Нематулла ажы Жээнбеков катышты

Бүгүн, 22-декабрь күнү Жалал-Абад шаарындагы Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында коомдук ишмер Мухтар Исакуловдун 100 жылдыгына арналган иш-чара өтүп, ага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары, облус казысы, коомдук ишмер Мухтар Исакуловдун жакындары катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө Мухтар Исакуловдун жаркын элесине багышталып Куран окулуп, маркумдун аткарган эмгектери жана сыйлыктары боюнча баяндамалар жасалды.

Иш-чаранын соңунда Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Нематулла ажы Жээнбеков мамлекетибиздин өсүп-өнүгүүсү, чек араларыбыздын бекем болуусу жана элибизге тынчтык, амандык сурап Жаратканга дуба кылды.