Бишкекте «Улуулардын насааты» аттуу тегерек стол өтүп, ага илимпоздор, коомдук ишмерлер жана ар улуттун өкүлдөрү катышты

Бүгүн, 27-декабрда Бишкек шаарындагы Дамас мейманканасынын конференц залында «Улуулардын насааты» аттуу тегерек стол өтүп, ага илимпоздор, коомдук ишмерлер жана ар улуттун өкүлдөрү катышты.

Саамалыкты Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касманбетов ачып, «Улуулардын насааты» аттуу тегерек столдун маанилүүлүгүнө токтолду.

Ал эми Азирети Муфтий иш-чара алкагында коомдо карыялардын ордунун маанилүүлүгүнө токтолуп, Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы кызматташууга даярдыгын билдирди.

«Сиздердин насаатыңыздар, кеп-кеңешиңиздер биз үчүн маанилүү. Ар бириңиздер мамлекетибиздин өнүгүшүнө өз өмүрүңүздөрдү арнап, бүгүн ардактуу карыя болдуңуздар. Бизге дайыма жол көрсөтүп, ак батаңыздарды бериңиздер»,-деди Азирети Муфтий.

Ал эми тегерек столдун катышуучулары ушундай иш-чараларды аймактарда өткөрүү керектигин айтышып, өлкөнүн ынтымагы, элдин биримдиги үчүн дайыма иштешүүгө даяр экендигин билдиришти.

Эскерте кетсек, иш-чара КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жана КМДБ тарабынан уюштурулуп, ДИМК директору модераторлук кылды.