Баткендин Жаңырык айылынан 1,5 тонна үшүр жыйналып, «Муаз ибни Жабал» медресесине тапшырылды

Бүгүн, 27-декабрда Баткен облусунун Дара айыл өкмөтүнө караштуу  Жаңырык айылынан  1,5 тонна үшүр жыйналып, «Муаз ибни Жабал» медресесине тапшырылды.

«Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабировдун тапшырмасы менен учурда ар бир имам өздөрүнүн  айыл аймактарынан үшүр жыйнап,  диний окуу жайларга, муктаж үй-бүлөлөргө жардам катары тапшырышууда»,-деди Жаңырык айылынан имамы Акжол Ахунов.

Ал эми «Муаз ибни Жабал» медресесинин мүдүрү Султанмурат ажы Исираев диний окуу жайларга берилген жардамга ыраазычылыгын билдирип, үшүрүн берген жарандарга Алла Тааладан жакшылыктарды тиледи.

 «Алма-677 кг, картөшкө-635 кг, пияз-150 кг, сабиз-43 кг, ашкабак-2 шт жана башкалар келди. Бул окуу жайыбыз үчүн чоң жардам»,-деди Султанмурат ажы Исираев.