«Жабир» кыздар медресеси жыл жыйынтыгын чыгарып, мыктыларды сыйлады

smart

Ош облусунун мусулмандарынын казыятына караштуу «Жабир» кыздар медресеси жыл жыйынтыгын чыгарып, анын алкагында мыкты мугалимдер жана окуучулар «Алкыш баракчасы» менен сыйланышты. Иш-чарага Ош облусунун казысынын орун басары Алибек ажы Жусупов, казыяттын үгүт-насаат жана мечиттер адиси, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Абдималик ажы Турсунбеков, ата-энелер жана студенттер катышты.

Казынын орун басары Алибек ажы илимдин пазилеттерине токтолуп, изденүүгө чакырды.

«Динибиздеги илим алууну аялга да, эркекке парз кылынышы анын канчалык маанилүү нерсе экенин далилдейт. Илим бар жерде каниет, шүгүр, өнүгүп-өсүү, адилеттүүлүк жана туура багыт болот. Ал эми илим жок жерде кылмыштуулук, бузукулук, башаламандык, зулумдук жана чектен чыгуу болот. Сиздер, буюрса, эки дүйнөдө тең бактылуу болчу жолдосуздар», – деди Алибек ажы Жусупов. 

Ал эми медресе мүдүрү  окуу жай боюнча маалымат берип, студенттер үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн билдирди.

 «Жабир» кыздар медресеси болуп түзүлүп, студенттер кабыл алынганына алты ай болгонуна карабай, илим берүүнүн даңгыр жолуна түштү. Албетте, бул нерсе оңой-олтоң болгон жок. Ушундай куттуу ишке себепкер болгон ар бир инсанга ыраазылык билдиребиз», – деди ал.

Иш-чаранын жүрүшүндө «Жабир» кыздар медресесинин студенттери Куран окуп, хадистерди айтышты.