Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев диний окуу жайлардын студенттери менен жолугушту

Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев шаардагы «Хадича аль-Кубро» ислам институту, «Сайида Хадича», » Сулайман-Тоо» медреселеринин  жана  «Маккаи Мукаррама»,  «Козу кызы Бурмакан» атындагы аялдардын диний окуу борборлорунун студенттери менен жолугушуп, илим алуунун зарылдыгы боюнча баяндамасын жасады.

«Билим берип жаткан мугалим өзүнүн өмүрүн сарптап, балдарды билимдүү, ыймандуу, адептүү, көрөгөч, ата-энесин, бир-туугандарын сыйлаганга, мекенин сүйүүгө үйрөтүү менен эң башкысы «Инсан» кылып тарбиялайт.Андыктан бул эмгекти дагы унутпоо керек», — деди шаар казысы.