2022 –жылдын 3- январь күнү Талас облусунда дин аалымдарынын катышуусунда «Ынтымак- жакшылыктын көрөңгөсү, ырыстуу элдин жөрөлгөсү» аттуу иш-чара өтмөкчү

Талас облусунун мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиевдин демилгеси менен 2022 –жылдын 3- январь күнү «Атай Огомбаев» атындагы балдардын музыкалык окуу жайында «Ынтымак- жакшылыктын көрөңгөсү, ырыстуу элдин жөрөлгөсү» аттуу иш-чара өтмөкчү. Саамалыкка Талас облусунун экс-казысы Таалайбек ажы Бапиев жана Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басары, КИУнун ага окутуучусу Кенжетай ажы Курманкожоев, «Расул Акрам» ислам институтунун ректору, дин аалымы Тариел ажы Абжалбеков, КИУнун окутуучусу, ыйык Курани Каримдин 10 кыраатынын устаты Имамали кары Таджибаев, «Расул Акрам» ислам институтунун окутуучусу  Белек Турдалиев катышат.


Дареги: Талас шаары, «Атай Огомбаев» атындагы балдардын музыкалык окуу жайы. Башталышы: Саат 14:00