Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казыяты жыл жыйынтыгын чыгарып, бир катар дин кызматкерлерин сыйлады

Жалал-Абад облусунун мусулмандар казыяты жыл жыйынтыгын чыгарып,  бир катар дин кызматкерлерин сыйлады. Отчеттук жыйында райондун баш имам хатибдери мечиттердин каттоосу, нике журналы жана үй-бүлө институтун бекемдөө, коомчулук менен жолугушуу жана түшүндүрүү иштеринин жүрүшү, хатибияттын иш кагаздарын тартиптөө, мечиттердеги мүлктү инвентаризациялоо маселелери каралды.

Райондун баш имам хатибдеринин отчетун уккан облус казысы 2022-жылга карата конкреттүү план түзүү керектигин айтып, жоопкерчилик менен иштөөгө чакырды.

Жыйындын соңунда облус казысы тарабынан 12 имамга №92 буйруктун  негизинде «Алкыш» баракчасы тапшырылса, ал эми Майлуу-Суу шаарынын баш имам хатиби Абсатар ажы Эркинбеков менен Чаткал районунун баш имам хатиби Кубанычбек ажы Токоновго «Ардак грамота» тапшырылды.

Эскерте кетсек, аталган жыйынга ДИМКнын Жалал-Абад облусу боюнча өкүлү  жана Жалал-Абад ОИИБнын 10-бөлүмүнүн кызматкери катышып, өздөрүнүн сунуштарын айтышты.