Баткен облустук казыяты диний сабактарды өтүүдөгү эрежелер боюнча мугалимдерге жыйын өткөрдү

Баткен облусунун мусулмандарынын казыяты диний сабактарды өтүүдөгү эрежелер боюнча  мугалимдерге  жыйын өткөрдү. Иш-чарага Баткен облусунун аймагындагы мечит имамдарынын көзөмөлү менен диний сабактарды уюштуруп жаткан айымдар катышты.

«Баткен казыяты мугалим аялзаты үчүн Ханафий мазхабы, Матурудий акыйдасын коомчулукка туура жеткирүү максатында атайын жыйын уюштурдук. Жыйында көзү ачыктар, бакшылардан элди оолак кылуу, аялзатына  болгон зордук-зомбулуктун алдын алуу, ысырапкерчиликти  токтотуу жана диний сабактарды уюштурууда казыят менен программасын бекитүү маселеси каралды»,-деди Баткен облустук мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров.

Иш-чарага катышкан ДИМКнын Баткен облусундагы өкүлү жана казыят кызматкерлери катышып, өздөрүнүн сунуштарын айтышты.