Азирети Муфтий Замир кары Ракиев 7-январь күнү Санкт-Петербург шаарындагы мекендештерибиз менен жолугушат

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев 7-январь күнү кечки саат 16:00до Санкт-Петербург шаарындагы мекендештерибиз менен жолугушат. Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын (КР ДИМК) директору Тойгонбай Абдыкаров, КИУнун ректору Абдишүкүр ажы Нарматов жана КМДБнын Россия Федерациясындагы өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиев катышмакчы.

Санкт-Петербург шаарындагы мекендештерибиз менен жолугушуу саамалыгы КМДБнын Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулуп, катышуучулар ата-энени урматтоо, мекенди сүйүү, ислам дининин баалуулуктары, үй-бүлө институтун бекемдөө ж.б темалар боюнча баяндамаларын жасашмакчы.

Дареги: Санкт-Петербург шаары, Белевский пр. д.20а. «Золотой двор» рестораны