Азирети Муфтий Замир кары Ракиев баштаган дин аалымдары Санкт-Петербург шаарындагы мекендештерибиз менен жолугушту

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев Санкт-Петербург шаарындагы «Золотой двор» ресторанында мекендештерибиз менен жолугушту. Жолугушууга КИУнун ректору Абдишүкүр ажы Нарматов, КМДБнын Россия Федерациясындагы өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиев жана «кыргыз коому» бирикмесинин өкүлдөрү катышып,  ата-энени урматтоо, мекенди сүйүү, ислам дининин баалуулуктары, үй-бүлө институтун бекемдөө темалары боюнча баяндамалар жасалып, суроо-жооп уюштурулду.

«Мекенди сүйүү-ыймандан. Динибиздин баалуулуктары инсанды терс жака үндөбөстөн, мекенге кызмат кылууга, ата-энени сыйлоого, үй-бүлөнү бекемдөөгө жана терс диний агымдардын алдын алууга тарбиялайт. Кайсыл жерде болсоңуздар дагы ал жердин мыйзамдарын сактап, үлгү болуңуздар!»,-деди Азирети Муфтий.

Муну менен катар жолугушууда КИУнун ректору Абдишүкүр ажы Нарматов тарбия, ыйманды бекемдөө, зулумдук кылбоо, айымдарга жакшы мамиле кылуу боюнча өзүнүн насаатын айтып, алардын суроолоруна жооп берди.

Эскерте кетсек, Санкт-Петербург шаарындагы мекендештерибиз менен жолугушуу саамалыгы КМДБнын Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулду.