![](https://muftiyat.kg/wp-content/uploads/2022/01/DSC_0100.jpg)
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Жоробай ажы Шергазиев бүгүн, 8-январь күнү КМДБнын Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгүндө жарандардын шарияттык негиздеги суроолоруна жооп берди.
Суроолордун басымдуу бөлүгү үй-бүлө, бала тарбиясы, талак жана соода-сатык маселеси боюнча болуп, Азирети Муфтийдин орун басары бардык суроолорго жооп берди.
«Биздин негизги максатыбыз мекендештерибиздин суроолоруна жооп берип, алардын көйгөйлөрүн чечүү. Үй-бүлө институтун бекемдөө, балдарга туура тарбия берүү жана динибиздин асыл баалуулуктарын жеткирүү»,-деди Жоробай ажы Шергазиев.