Москва шаарындагы Крокус Сити Хол залында «Ата-эненин үй-бүлөдөгү орду» темасында Мавлид кечесине өттү

Москва шаарындагы Крокус Сити Хол залында «Ата-эненин үй-бүлөдөгү орду» темасында Мавлид кечесине өтүп, ага Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын (КР ДИМК) директору Тойгонбай Абдыкаров, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев, Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазиев, КМДБнын Россия Федерациясындагы өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиев катышты.

Сүйүктүү пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын тынчтыгы жана саламы болсун) урматына карата уюштурулган саамалыкта КМДБнын Россия Федерациясындагы өкүлүнүн ишмердүүлүгү, үй-бүлө баалуулуктары, ата-эненин орду, бала тарбиясы, ислам дининин баалуулуктары боюнча дин аалымдары баяндама жасашты.

Муну менен катар жарандарыбыз үчүн атайын суроо-жооп уюштурулуп, Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазиев жооп берди.