Алимбек Маматаминов Чоң-Алай районунун баш имам-хатиби болуп дайындалды

Алимбек Маматаминов Чоң-Алай районунун баш имам хатиби болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка облус казысы Сайдамир ажы Жейналиев кол койду.

Алимбек Маматаминов:

Маматаминов Алимбек Жаанбаевич 1992-жылы 1-январда Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагына караштуу Чулук айылында жарык дүйнөгө келген. 1998-жылы Кыргызстан орто мектебине кабыл алынып,  2009-жылы Кыргызстан ислам университетинен 3 жыл илим алган. Алимбек Маматаминов муну менен катар Тилебалды, Хикматулла ажылардан кошумча билим алган. 2015-жылдан баштап Өз ишин Жекенди айылындагы «Имам Аззам» мечитинин имамы болуп эмгектенүүдөн баштап, 2017-жылы борбордук «Ак мечитке» имам-хатиб болуп дайындалган.

Алимбек Маматаминов Чоң-Алай районунун имамдарына Матуридий  акыйдасы жана Ханафи мазхабы боюнча сабак берип келет.