Өзгөндөгү шаар имамдарына жыйын өтүп, бир катар маселелер каралды

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу борбордук мечитте шаар имамдарына жыйын өтүп, мечиттер жана имамдардын документтерин толуктоо, азан убактыларына маани берип,  КМДБ тарабынан белгиленген убакытта азан айтуу, мечиттердин тазалыгы жана имамдардын жоопкерчилик маселеси каралды.

Жыйынга Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров, хатибият кызматкерлери жана Өзгөн шаарынын имамдары катышты.

Иш-чарада Акжол ажы Бакиров мечиттердин тазалыгын сактоо, имамдардын өздөрүнө жана мечиттерине таандык документтерин толуктоо зарыл  экенин баса белгиледи.

«Бардык имамдардын жана мечиттердин маалыматы бизде, тагыраагы хатибиятта болушу шарт. Азыр колуңуздардагы документти бирден карап чыгып, толук эмес документтерди кийинки жумага чейин тактаңыздар! Өз ишиңиздерге жоопкерчиликтүү болуп, тыгыз иш алып баралы», – деди баш имам-хатиб.