Майлуу-Суу шаардык хатибияты өрт кырсыгынан жабыркаган 3 үй-бүлөгө 41 350 сом акчалай жардам жана азык-түлүк, кийим-кече тапшырды

Бүгүн, 13-январда Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык  хатибияты тарабынан өрт кырсыгынан жабыркаган 3 үй-бүлөгө 41 350 сом акчалай жардам жана азык-түлүк, кийим-кече жана үй тиричилигине керектүү буюмдар тапшырылды. Кайрымдуулук иш-чарасы баш имам хатиб Абсатар ажы Эркинбенков тарабынан демилгеленип, шаар тургундары колдоого алышкан. 

«Бул дагы сыноо сиздерге келген. Андыктан сыноо келсе сабыр кылуу керек. Уламалар мындай дешкен: «Сабырдын өзү ачуу, бирок мөмөсү таттуу». Андыктан бул учурда Алла Таалага гана кайрылуубуз керек»,-деди Абсатар ажы Эркинбенков.