Өзгөндүн баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров район акими Мурат Раматов менен жолукту

Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Мурат Раматов менен жолугуп, эки тараптуу кызматташууну талкуулашты.

Жолугушууда Акжол ажы Бакиров имамдардын коомдогу орду чоң экенин баса белгилеп, эки тараптуу кызматташуу зарылдыгына токтолду.

“Диний башкармалык жергиликтүү бийлик менен дайыма кызматташып келет. Учурда болгон күчүбүздү мечиттерди каттоо иштерине жумшап жатабыз. Буюрса жакынкы күндөрдө каттала элек диний объектилердин баарын эсептик каттоодон өткөрүүгө аракет кылабыз”, – деди Акжол ажы Бакиров.

Ал эми Өзгөн районунун акими Мурат Раматов диний экстремизм жана терроризмдин алдын алууда дин кызматкерлеринин таасири чоң экенин баса белгиледи.

“Мамлекет тарабынан эктремисттик уюм деп табылган ар кандай топтор менен күрөшүүдө, коомдун ынтымакта, биримдикте жашоосунда дин кызматкерлеринин таасири чоң. Сиздер менен кызматташууга даярбыз”, – деди Өзгөн районунун акими.

Жыйынтыгында Мурат Раматов  жаңы дайындалган баш имам-хатибди кызмат орду менен куттуктап, мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалады.