Ноокат райондук хатибияты 2021-жылга сереп салып, жыл мыктыларын сыйлады

Ош облусунун Ноокат районунун баш имам-хатиби Музаффар ажы Турдубаев хатибият кызматкерлерине жана жооптуу имамдарга жыйын өткөрүп, өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарды. Жыйында расмий дин кызматкерлеринин ишин жакшыртуу, ынтымакты бекемдөө, салттуу эмес багыттардын идеяларына каршы биргелешип күрөшүү, диний объектилерди эсептик каттоодон өткөрүүнү тездетүү маселелери каралды.

«Биз биринчи кезекте ынтымактуу болушубуз керек. «Ынтымак бар жерде ырыс бар»- деп бекеринен айтылбаса керек. Ар кайсы агымдарды, динди жамынган топторду биргелешип токтото алабыз», – деди Музаффар ажы.

Баш имам-хатиб өткөн жылдагы жетишкендиктер жана кемчиликтерге  кеңири токтолду.

«Өткөн жыл өлкөбүз үчүн да, биз үчүн да оор болду. Кыйын кезеңде жумушту таштап кетпей, Алланын ыраазычылыгы үчүн кызмат кылдыңыздар. Ар бириңиздер мыктысыздар. Бирок, башкалардан айырмаланып, динибиз, эли-журтубуз үчүн көбүрөөк мээнет кылган дамлаларды хатибияттын «Ардак грамтосы» менен сыйлоону туура көрдүк», – деди баш имам-хатиб.

Эскерте кетсек, жыйында үстүбүздөгү жылы аткарыла турган иштер да талкууланды.