Өзгөндө айыл өкмөттүн жооптуу имамдарына жыйын өтүп, бир катар тапшырмалар берилди

Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун борбордук мечитинде айыл өкмөттүн жооптуу имамдарына жыйын өтүп, мечиттердин тазалыгы, жылуулугу, документтери жана нике журналдарына такай көңүл буруу маселеси каралды.

Иш-чарага Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров, хатибият кызматкерлери жана айыл өкмөттүн жооптуу имамдары катышты.

Жыйын алгач Алланын сөзү болгон Куран окуу менен башталып, андан соң Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров имамдарды жоопкерчиликтүү болууга чакырды.

«Ар бир айыл өкмөттүн жооптуу имамдары өзүңүздөрдүн аймакка таандык каттоодон өтө элек мечиттерди тез арада каттаңыздар. Мечиттердин тазалыгына көңүл буруңуздар. Айрыкча жолдун боюндагы мечиттер. Мечиттин тазалыгын өзүбүздүн үйүбүздөн дагы таза кармообуз кажет», – деди Акжол ажы Бакиров.