Талас облусунун Кара-Буура районунун имамдары 3 күндүк окуудан өтүшүүдө

Талас облусунун мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиевдин демилгеси менен имамдардын билим деңгээлин жогорулатуу максатында атайын  3 күндүк окуу курсу уюштурулууда. Бул жолу Кара-Буура районунун имамдары өздөрүнүн билимдерин жогорулатып, дин аалымдарынын тажрыйбаларын өздөштүрүшүүдө.

«Имамдар эл менен тыгыз иш алып барышкандыктан дайыма билимдерин жогорулатып туруулары зарыл. Облустук казыят бардык аракеттерди көрүп, айыл аймактардагы дин кызматкерлерин окутууну баштадык»,-деди облус казысы.

3 күндүк окуу курсунда Аалымдар кеңешинин мүчөсү Жеңишбек ажы Курбанов, Кыргызстан ислам университетинин мугалими Мирзат ажы Барпыбеков, «Расул Акрам» институтунун мугалими Абдыкалык кары Эшматов жана Талас облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары Өмүрзак ажы Абдусамат уулу  сабак беришүүдө.

Окуу курсу суроо-жооп менен коштолуп, акыйда, фикх китептеринен өздөрүнүн билимдерин жогорулатышууда.

«Ислам дини адам баласын эки дүйнөдө бактылуулукка  жеткирүүчү ортолук жолду карманган эң туура дин болуп эсептелет. Мусулман адам ислам таалимдерин ишке ашыруу аркылуу жана өзүнүн адеп-ахлагы, жүрүм-туруму жана мамилеси менен ислам дининин жашоодогу эң керектүү практикалык дин экенин далилдей алат. Ошондуктан имам илимдүү болсо, эл дагы илимдүү болот»,-деди  Сулумбек ажы Узеналиев.