Ноокат районунун баш имам-хатиби Котур-Булак айылынын тургундарына ислам дининдеги нике маселеси боюнча маалымат берди

Ноокат районунун баш имам-хатиби Музаффар ажы Турдубаев Кеңеш айыл өкмөтүнө караштуу Котур-Булак айылында жайгашкан «Котур-Булак» мечитинде айыл тургундары менен жолукту. Жолугушууда ислам дининде нике, үй-бүлө баалуулуктары, эрте никеге жол бербөө сыяктуу маселелерге токтолуп, түшүндүрүү ишин жүргүздү.

«Биологиялык жана психологиялык жактан жетиле элек жаштарды турмуштун оор сыноосуна даярдыксыз таштап салуу туура эместир. Динибиз бүлөнүн ынтымактуу жашап кетишине кызыктар жана ал үчүн бардык шарттарды эске алган. Демек, мыйзамда көрсөтүлгөн он сегиз же андан кийинки курактарда бүлө күтүү туура болсо керек», – деди баш имам-хатиб.

Баш имам-хатиб КМДБ тарабынан чыгарылган нике журналы боюнча да маалымат берип, анын артыкчылыктарына токтолду.

«Муфтият тарабынан атайын нике журналы чыгарылып, расмий имамдарга таратылган. Анын негизги максаты турмуш жолуна аттанган жубайлардын укугун коргоо болуп саналат. Сиздер кызыңыздарды турмушка узатып же келин алып жатсаңыздар, нике кыйган тараптан муфтияттын нике журналын талап кыла аласыздар. Бул сиздердин укугуңуздар», – деди Музаффар ажы Турдубаев.

Эскерте кетсек, «Котур-Булак» мечити толугу менен  жаңыланып, эл кызматына берилген.