Экстремизмдин алдын алуу боюнча “Апиза эне” ислам институтунун сырттан окуу бөлүмүндө билим алып жаткан студенттер менен баарлашуу уюштурулду

Кара-Суу районуна караштуу “Апиза эне” ислам институтунун сырттан окуу бөлүмүндө окуп жаткан студенттер үчүн атайын жолугушуу уюштурулуп, ага Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Түштүк аймагы боюнча бөлүм башчысы Исакбай Мурзабеков жана башкы адис Фурхатбек Адилбек уулу, ошондой эле Ош облусунун мусулмандарынын казысы Сайдамир ажы Жейналиев, аталган институттун ректору Абдирашит ажы Батыров жана мугалимдер катышты.

Жолугушууда алгач Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев сөз баштап, Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгү тууралуу учкай маалымат берип, мамлекет жана дин эриш-аркак иш алып баруу керектигин баса белгилеп, уюштургандарга, келгендерге, катышкандарга ыраазычылык билдирди. Ал эми  Исакбай Мурзабеков “Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат”, “салттуу ислам баалуулуктары” тууралуу кеңири маалымат берип, диний уюмдар, алардын ишмердүүлүгү, дин тутуу мыйзамы, өлкөбүздүн аймагында тыюу салынган агымдар, дааваттын тартиби, экстремизм-терроризмдин жана радикалдык көз караштын алдын алуу боюнча түшүндүрмөлөрдү берди. Мындан тышкары, бул окуу жай заманбап институттун катарына кирип, бүгүнкү күндө талапка ылайык иш жүргүзүп жатканын белгилеп өттү.

Жолугушуу суроо-жооптор менен коштолуп, студенттер кызыккан суроолоруна жооп ала алышты.

Эске салсак,  көпчүлүк   жамааттын,  имамдардын,  медресенин бүтүрүүчүлөрүнүн суранычтарынын негизинде жогоруда аталган институтта сырттан окуу бөлүмү үчүн окуу курсу башталып, 80ге жакын студент жана имамдар билим алышууда.