Чоң-Алай районунда «Жоолугум менин сыймыгым» аттуу иш-чара өтүп, ага хатибият жамааты катышты

Ош облусунун Чоң-Алай районунда 1-февраль – Бүткүл дүйнөлүк жоолук күнүнө карата «Жоолугум менин намысым» аттуу иш-чара өттү. Саамалыкка Чоң-Алай районунун баш имам-хатиби Алимбек Маматаминов, орун басары Эрмекали Ботобаев катышты. Баш имам-хатиб жоолуктун пазилети, аялдын исламдагы орду жөнүндө сөз баяндама жасады.

«Динибизде жоолук же болбосо талап кылынган жерлерди жабууну туюндурган тасаттур фарз болуп саналат. Бул биринчи кезекте Алланын буйругу. Тасаттурдун пазилети аябай көп. Ал ысык-суук аба-ырайынан коргогондой эле, суук көздөрдөн да сактайт. Шарият аялзатына бардык жагынан кам көрүп, аны коргойт», – деди Алимбек Маматаминов.    

Эскерте кетсек, аталган иш-чара хатибияттын көзөмөлү астында аялдарга сабак берген эжейлер тарабынан уюштурулду.