Ноокаттын баш имам-хатиби райондук архитектура башкармалыгынын жетекчилиги менен жолугуп, диний объектилерди каттоо боюнча пикир алышты

Ош облусуна караштуу Ноокат районунун баш имам-хатиби Музаффар ажы Турдубаев Ноокат райондук архитектура башкармалыгынан Маматкерим Абдышов менен жолугуп, районго караштуу жалпы диний объектилердин документтерин тактоо жана каттоодон өтө элек мечиттерди мыйзамдаштыруу боюнча баарлашты.

Музаффар ажы Турдубаев  жолугушуунун алкагында каттоодон өтө элек диний идараларды мыйзамдаштыруу жана архитектуралык жагынан жардам берүүнү сунуштады. 

Жолугушуунун жыйынтыгында архитектура башкармалыгы бардык жагынан көмөктөшөрүн жана хатибият менен тыгыз иш алып бара тургандыгын  билдирди.