Ноокаттын баш имам-хатиби райондук администрациянын жыйындар залында дин кызматкерлерине жыйын өткөрдү

Ош облусуна караштуу Ноокат районунун баш имам-хатиби Музаффар ажы Турдубаев райондук администрациясынын жыйындар залында райондогу дин кызматкерлерине жыйын өткөрдү. Саамалыкта эрте жаштагыларга нике кыюуга жол бербөө, нике журналдарына олуттуу көңүл буруу, жетекчиликке баш ийүү, диндин жана мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошуу маселелери каралды.

«Имамчылык жоопкерчиликтүү жумуш. Биздин укуктарыбыз болгондой эле, милдеттерибиз да бар. Айрым дин кызматкерлери милдеттерине көңүл бурбай коюп жатышат. Мисалы, алыс сапарга чыгуучулар бизден уруксат сурап кетиши керек. Биз чыга турган болсок казыяттан оозеки же жазуу түрүндө уруксат сурайбыз. Кайсы жерде тартип болсо, ошол жерде өнүгүү болот. Биз жалпыбыз КМДБнын расмий кызматкерлери болгондон кийин, анын Уставына баш ийишибиз керек», – деп билдирди Музаффар ажы.