Азирети Муфтий «Апиза эне» ислам институтунун ишмердүүлүгү менен таанышты

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев өлкөнүн түштүк аймагына болгон расмий иш сапарынын алкагында «Апиза эне» ислам институтун зыярат кылды.

Окуу жараяны менен жеринде таанышкан Азирети Муфтий институттун потенциалына, материалдык-техникалык базасынына жогору баа берип, инститтун түштүк аймагындагы диний билим берүүнүн флагманына айланарына ишеним билдирди. Андан соң Кара-Суу районунун Кара-Суу шаарындагы борбордук «Исмаил ата» мечитинде шаар туургундары менен жолугуп, матуридий  акыйдасы жана анын артыкчылктары боюнча баяндама жасады.   

Эскерте кетсек, Азирети Муфтий Ош, Жалал-Абад, Баткен облусу жана Ош шаарынын аймагындагы диний окуу жайлардын мүдүрлөрүнө жыйын өткөрүп, иш-чара соңунда ар бирин жекече кабыл алган болчу.