Баткен облусунун казысынын орун басары №57 кесиптик лицейинин студенттерине адеп-ахлак, илимдин зарылчылыгы боюнча баяндама жасады

Баткен облусунун  казысынын орун басары Муса ажы Жолдошев Баткен шаарындагы №57  кесиптик лицейинин студенттери жана эмгек жамааты менен жолугушуп, экстремизм, тероризмдин алдын алуу жана адеп-ахлак, илимдин зарылчылыгы боюнча  баяндама жасады.

«Илимдүү адам калем сыяктуу. Анасдан (андан Алла ыраазы болсун) баяндайт: «Пайгамбарыбыз (с.а.в.) айтты: «Кимдир бирөө дин илимин издөөгө чыкса анда ал адам кайтканга чейин Аллахтын жолунда болот». (Тирмизи) Кимдир бирөө илим алса Аллах анын даражасын көтөрүп жана ырыскысын кеңейтип койот. Аллах Таала Куранда бул боюнча дагы «Аллах силердин араңардагы ыймандуулардын жана илим берилгендердин даражасын көтөрөт»- деп айткан. (Мужаадала сүрөсү – 11 аят). Ошондуктан убакытты туура пайдаланып, билим алалы!»,-деди  Муса ажы Жолдошев.

Муну менен катар казыят кызматкерлери тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте терс диний агымдардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жаткандыгын билдирди.