Ош облусунун казысы «Имам ат-Термизий» жана «Атаназар кары» медресесинде окуп жаткан кыз-келиндерге лекция өттү

Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев жана казыяттын аялдар бөлүмүнүн башчысы Жамийла Жапашова «Имам ат-Термизий» жана «Атаназар кары» медресесине барып, диний билим алып жаткан кыз-келиндер менен жолукту. Облус казысы жолугушууда акыйда маселеси жана ханафи мазхабы боюнча маалымат берди.

«Аялзаты динди жакшы түшүнсө, ошол үй-бүлөнүн бактысы. Аялзатынын акыйдасы түз болсо, бир бүлөнүн акыйдасы туура болот. Ыймандуу, илимдүү, маалыматтуу аял мыкты муунду тарбиялайт. Алтындай убактыңыздарды бөлүп, дин илимин алып жатканыңыздар зор эрдик», – деди облус казысы.

Муну менен катар облус казысы маркумду акыркы сапарга узатуу боюнча маалымат берип, бул жаатта аялзатына тиешелүү маселелерди айтып берди.

«Аял киши акка моюн сунганда аны баары эле жууп, кепиндеп, кабырга кое албайт. Аялдын сөөгүн жуу, кепиндөө ушул жерде олтургандардын ар биринин мойнуна түшүп калышы мүмкүн. Ошол себептүү маркумду акыркы сапарга узатууга тиешелүү айрым маселелерди так билип алышыңыздар керек. Кээ бир жерлерде кепинди кабат-кабат ороп, тартипти бузгандар бар деп угуп жатабыз. Шарият чегинен чыуу жакшы жосун эмес», – деди Сайдамир ажы Жейналиев.

Сайдамир ажы аял кишинин сөөгүн кепиндөө тартибин практика жүзүндө ханафи мазхабына ылайык көрсөтүп берди. Жолугушуу суроо-жооп менен жыйынтыкталды.