Бүгүн, 16-февралда Аалымдар Кеңешинин кезектеги 3-протоколук жыйыны өтүп, Муфтияттын, БТКнын отчёту угулуп, аймактагы диний абал талкууланды

Бүгүн,  16-февралда VII чакырылыштагы Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин 3-протоколук жыйыны өтүп, анда  Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын отчётун угуу, жылдык иш планды бекитүү, зекет, үшүр жана садака-фитирдин өлчөмдөрүн аныктоо, Борбордук Текшерүү комиссиясынын курамын бекитүү жана башка бир катар маселелер талкууланды.

Аалымдар Кеңешинин курамы Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын, Азирети Муфтийдин жана  БТКнын 2021-жылдагы ишмердүүлүгүнө «Эң жакшы» деген жогорку баасын берди.

Мындан тышкары 2022-жылга карата  КМДБнын  иш планы бекитилип, анын үстүнөн иштөө боюнча Азирети Муфтийдин орун басарларына, бөлүм башчыларына бир катар тапшырмалар жүктөлдү.